Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Баткенде Тажикстандын жарандарына сатылган үйлөрдүн алгачкысы кайтарылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Аксай айыл өкмөт башчысы Жолдош Сатыбалдиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин Тажикстандын айылдарынын дээрлик ортосунда калган Кыргызстандын Таштумшук айылынын тургундары түрдүү кысымдардан улам бир топ үйлөрүн кошуна өлкөнүн жарандарына мыйзамсыз сатып жиберген. Ошол үйлөрдү кайтарып алуу үчүн өткөн айда мамлекет казынасынан 10 миллион сом каражат бөлүнүп, алгачкы үй кайтарып алынып, милициянын бекетин ачуу үчүн берилди.

Буга чейин расмий эмес маалыматтарда кошуна Тажикстандын атуулдарына 40ка чукул үй сатылып кеткен деп айтылып жүргөн. (JsA)

XS
SM
MD
LG