Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:24

Р. Жээнбеков: Президент сөзүнө турушу керек болчу


Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутаты Равшан Жээнбеков парламентте коалиция куроо милдети “Республика” фракциясына берилгенине байланыштуу пикирин “Азаттыкка” билдирип, президенттин буга чейин айткан сөзү аткарылбай калганын белгиледи. “Президенттин ар бир айткан сөзү ташка тамга баскандай болушу керек. Бир-эки апта мурда эгерде Социал-демократтар түзө албаса, “Ата Мекенге” берем деген сөзүнө турушу керек болчу” деди Равшан Жээнбеков.

Ал эми президенттин маалымат катчысы Султан Каназаров парламентте көпчүлүктү түзүү милдетин “Республика” фракциясына берүү чечими 3-декабрда КСДП лидери Алмазбек Атамбаевдин өлкө башчысынын атына кайрылуусунан кийин жана беш фракциянын лидерлери менен сүйлөшүүдөн соң кабыл алынганын маалымдады.

Ошол эле учурда айрым интернет булактары “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев көпчүлүктү түзүү милдетинен фракция өзү баш тартканын жазып чыгышты.

Парламентте көпчүлүктү түзүү тапшырмасы алгач 11-ноябрда КСДП партиясына берилген. Президент Роза Отунбаева коалиция түзүү милдетин тапшырып жатып, эгер КСДП коалиция түзө албай калса, экинчи мүмкүнчүлүк “Ата Мекен” фракциясына берилерин айткан. (KKs)

XS
SM
MD
LG