Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:51

Р. Отунбаева: Эл жыйынтык күтүп жатат


Президенттин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, бүгүн президент Роза Отунбаева “Республика” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго парламентте көпчүлүктү түзүү мандатын тапшырып жатып, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев коалиция түзүү мандатын башка фракцияга берүүнү өтүнгөнүн, ошол эле учурда айрым фракциялардын лидерлери бул милдетти “Республикага” тапшырууну сунуштаганын билдирди. Президент айым КСДП менен “Республиканын” ортосундагы тыгыз мамиле кийинки түзүлө турган коалицияга негиз болуп берерин кошумчалап, эл жыйынтык күтүп жатканын, бүткүл дүйнө Кыргызстанга көз салып турганын эскертип, жаңы өкмөттү тез арада куроого чакырды. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG