Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын басма сөз кызматы билдиргендей, 2-декабрга карата Ош жана Жалал-Абад облустарындагы июнь окуяларында жабыркаган 1 миң 459 үй-бүлөгө 101 миллион 645 миң сомдук акчалай жардам көрсөтүлгөн. Жалпысынан 1210 үй-бүлөгө кайтарымсыз жардам, 249 үй-бүлөгө жеңилдетилген насыя берилген. Дирекциянын маалымдашынча, июнь окуяларында жабыр тарткандарга акчалай жардам жана насыя берүү уланат. (KKs)