Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:58

“Республика” фракциясы коалиция боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайт


“Республика” партиясынын өкүлү Кубат Болоткановдун “Азаттыкка” билдиришинче, фракциянын лидери Өмүрбек Бабанов дүйшөмбү күндөн тарта башка беш фракциянын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү баштайт. Анын айтымында, “Республика” партиясы беш фракциянын депутаттарынан турган атайын жумушчу топ түзүүнү сунуштоону көздөп жатат. Өз кезегинде бул жумушчу топ коалициялык келишимди иштеп чыгып, парламенттик көпчүлүктү түзүүнүн шарттарын тактоо багытында иш алып бармакчы.

КСДПнын коалиция курап, өкмөт түзүү аракети ийгиликсиз аяктаган соң, 4-декабрда өлкө президенти Роза Отунбаева коалиция түзүү мандатын “Республика” фракциясына тапшырган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG