Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:48

Египетте парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат


Анда да адаттагыдай эле өлкө президенти Хосни Мубарактын бийликтеги Улуттук –демократиялык партиясы жеңип чыгары күтүлүүдө. Шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыгында эле бул партиянын 200дөн ашуун өкүлү парламентке кирери анык болгон. Египеттин эң ири оппозициялык кыймылы – “Мусулман боордоштугу” жана либералдык маанайдагы “Вафд” партиясы добуш берүү массалык бурмалоолор менен коштолду деп ырастоо менен экинчи айлампаны бойкоттооого чакырган. Биринчи айлампанын жыйынтыгында оппозициячыл күчтөр жана көз карандысыз талапкерлер 12 гана орунга ээ болду. Биринчи айлампада шайлоо өнөктүгү адилетсиз жүргөндүгүн, оппозицияны жарыштан чыгарууну көздөгөн аракеттер орун алганын АКШ жана эл аралык уюмдар да белгилешти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG