Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Израилде бүгүн токойдогу өрт өчүрүлөт деп үмүттөнүшүүдө


Бүгүн башталганына үчүнчү күн болгон тилсиз жоо Израилдин тарыхындагы эң ири өрт катары мүнөздөлүүдө. Аны менен Израилдин өзүнөн тышкары Орусия, Британия, Франция, Түркия, Грекиядан барган өрт өчүрүүчү учактар күрөшүүдө. Өз жардамын Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас да сунуш кылды. Жөөт өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху буга байланыштуу кабарчыларга төмөнкүлөрдү айтты:

-Аббас экөөбүздүн ортобузда абдан жылуу сөз болду. Мен анын кадамына, башкалар сыяктуу эле жөнөткөн көңүл айтуусуна ыраазычылык билдирдим. Биз коңшу жашап жатканыбызды айтым. Бүгүн өрт бул жерден чыкса, эртең тигил жактан чыгат. Биз өрт өчүрүүчү учактарды сатып алгандан кийин аймактык система курабыз. Ал учактар мен аймактагы элдин баарынын пайдасы үчүн иштейт деп ойлогон системага кошулат.

Израилдин түндүгүндөгү Кармель токойунда чыккан өрттөн улам 41 киши каза тапты, миңдеген адамдар үйлөрүнөн көчүрүлдү. Полициянын билдиргенине караганда этиясыздыктан улам өрттү тутанткан деген шек менен 16 жаштагы эки өспүрүм кармалды.

XS
SM
MD
LG