Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:50

Иран өзү чыгарган уранды колдоно баштамакчы


Ирандын атомдук энергетика министри Али Акбар Салехи мамлекеттик сыналгыдан өлкөнү байытуу үчүн зарыл болгон чийки урандын алгачкы партиясы өндүрүлгөнү менен куттуктады. Бүгүн Иран өзүнүн көп талашты туудурган ядролук программасын Женевада башталып жаткан дүйнө лидерлеринин саммитинде талкуулайт. Вашингтондо Ак үйдүн өкүлү Майк Хаммер «Тегерандын жарыясы тынчсызданууну дагы күчөтөөрүн» белгилеп, бирок бул жарыя жаңылык деле эмес экендигин билдирди. Батыш өлкөлөрү Ирандын ядролук программасы атомдук бомба жасоону көздөйт деп коркот, бирок исламдык жумурият программа тынчтык максатты гана көздөөрүн айтып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG