Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

Жайма базардагы киши өлтүрүү боюнча сот иши уланат


Ош шаардык соту бүгүн июнь коогалаңы учурунда эки кишини өлтүргөн деп шектелген беш адамдын үстүнөн ишти кароону улантат. Бүгүнкү сот ишинде да күбөлөр көрсөтмө бермекчи.

13-июнда Ош шаарындагы жайма базарда 33 жаштагы Аскар Турусбеков менен 32 жаштагы Сапарбек Эрмекбаев мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Алардын өрттөлгөн сөөгү 19-июнда Анжиян облустук ички иштер кызматкерлери тарабынан Өзбекстандын аймагынан табылган. Бул ишке байланыштуу беш киши айыпталууда, алардын ичинде ага-ини: 21 жаштагы Тахир жана 20 жаштагы Бабур Амановдор бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG