Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

Тажикстанда Исхак Раззаковду эскерген жыйын өттү


Тажикстандын Кожент шаарында белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 100 жылдык мааракесине арналган жыйын өткөнүн бүгүн кыргыз тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Жыйынды Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги уюштурган. Ага Тажикстандагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, Кожент шаарынын жашоочулары, мугалимдер, студенттер катышты. Жыйында Исхак Раззаковдун ишмердүүлүгү, балалык чагы жана Кыргызстандын калыптануусуна кошкон салымы жаатындагы маалыматтар берилди.

Коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков 1950-61-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы (республиканын жетекчиси) болуп иштеген. Ал 1910-жылдын 25-октябрында азыркы Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда жарыкка келип, балалык чагы Коженттеги балдар үйүндө өткөн. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG