Линктер

шаршемби, 18-январь, 2017 Бишкек убактысы 20:39

Германия элчилиги европалыктарды Кыргызстанга келбей турууга чакырды


Германиянын Кыргызстандагы элчилиги өз жарандарын жана европалыктарды өтө зарыл иш болбосо Кыргызстанга, өзгөчө Ош жана Жалал-Абад облустарына өкмөт түзүлгүчө келбей турууга чакырууда. Мындай маалыматты элчилик өзүнүн интернет сайтына жайгаштырды. Элчилик өз маалыматында өкмөттү түзүү аракети кайрадан жаңы кагылышууларга алып келиши мүмкүн деп кооптонгон. Буга байланыштуу Германия элчилиги Кыргызстандын аймагындагы өз жарандарын жана европалыктарды өзгөчө аяр болууга чакырат. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG