Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

ММК фондунда ишеним телефондор иштөөдө


Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда (ММК фонду) медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында коомчулуктун даттанууларын, арыздарын кабыл алуучу ишеним телефондору бардык облустарда иштөөдө. Бул тууралуу ММК фондунун маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, эгерде дарыгерлер оорулуулардан акчаны кассага эмес колуна берүүнү талап кылса, медициналык жардам көрсөткөнү үчүн кошумча акча төлөөгө мажбурласа жана туура эмес дарылоо жүргөнүнө шектенүүлөр пайда болсо жарандар ишеним телефондоруна чалышса болот. Андай учурда ММК фондунун ишеним телефондоруна, Бишкекте (0312) 66 05 29, Чүй облусунда (03138) 62 991, Ош облусунда (03222) 716 34, Жалал-Абад облусунда (03722) 531 82, Талас облусунда (03422) 524 84, Баткен облусунда (03254) 23 599, Ысык-Көл облусунда (03922), 511 72, Нарын облусунда (03522) 23 691 телефондоруна чалууга болот. (IJz)

XS
SM
MD
LG