“Кабар” улуттук агенттигинин орус редакциясында иштеген 7 журналист айлык акыларынын аздыгына, тиешелүү шарттар түзүлбөй атканына нааразы болуп агенттиктин жетекчисине арыз менен кайрылышты. “Кабар” агенттигинин жетекчиси Жыргалбек Турдукожоев “Азаттыкка” билдиргендей, акча-тыйындын тартыштыгы кызматкерлердин айлык-акысын көтөрүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Жетекчиликтен мындай жоопту угушкан соң агенттиктин жети кызматкерлери өз каалоолору менен жумуштан кеткени тууралуу арыз жазып беришти. “Өлкөдө ансыз деле абал оор. Биз азыр айлык-акыларды баары бир көтөрө албайбыз. Ошол себептүү биздин жети кызматкерибиз жумуштан кетип калышты”,- дейт ал.
Аталган агенттикте орточо айлык-акы 4000 сомдун тегерегинде. Иштен кеткен кызматкерлер менен байланышуу азырынча мүмкүн болбой жатат. (IJz)
Аталган агенттикте орточо айлык-акы 4000 сомдун тегерегинде. Иштен кеткен кызматкерлер менен байланышуу азырынча мүмкүн болбой жатат. (IJz)