Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:46

Ирандын ядролук программасы Женевада талкууланууда


Женевада Ирандын жана алты бакубат өлкөнүн эки күндүк сүйлөшүүсү башталды. АКШ, Британия, Германия, Кытай, Россия жана Франция курамындагы алтылыкты Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштон жетектөөдө. Батыш өлкөлөрү кездешүүдө Тегерандын уранды байытуусу боюнча эки жак бир мунасага жетишет деген үмүттө. Бирок Ирандын башөкүлү Саед Жалили 5-декбарда Тегеранда уранды байытууга укуктуу экенин эскертти:

- Буга чейинки сүйлөшүүлөрдөгүдөй эле Ирандын укугун чектөөгө жол бербейбиз. Биз бу сүйлөшүүдө да ушу багытты карманабыз.

Жекшемби күнү Иран уранды ядролук отун катары колдонгондой деңгээлде байытканын жар салды. Тегеран атомдук бомбалуу болуу максаты жок экенин, уранды электр энергиясын алуу үчүн байытып жатканын кайталап жүрөт.

XS
SM
MD
LG