Футбол боюнча Абу Дабиде 8-18-декбарда өтчү клубдар аралык дүйнөлүк таймаш маалында арак-шарап ичүүгө, коомдук жайларда өбүшүүгө тыйуу салынат. Бириккен Араб Эмирлигинин "Emarat Al-Yom" гезитинин жазышынча, конокторго мындай эскертүү жазылган эскертме аэропорттон тапшырылат жана аны бузган адамдар жазаланат. Уюштуруу комитетинин мүчөсү Шаза Румаяти айымдын сөзүнчө, "мусулман өлкөсүнүн каада-салтын коноктор сыйлоого тийиш".