Линктер

шейшемби, 28-март, 2017 Бишкек убактысы 18:42

Ноокенде автокырсыктан 2 өспүрүм ажал тапты


Жалал-Абад облустук ИИБинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кырсык Бишкек-Ош жолунда, Шамалды-Сай шаарчасынын тушунда болгон. 16 жаштагы Ырысалы уулу Болот атасына катталган «Ауди 100» үлгүсүндөгү автоунаага жүргүнчү салып, Бишкеке карай кетип бараткан учурда трактордун чиркегичин сүзүп алган, «Ауди 100» автоунаасын артынан «Мицубиси» машинасы келип сүзгөн. Натыйжада «Ауди 100» автоунаасынын рулундагы Ырысалы уулу Болот жана ошол эле автоунаадагы 16 жаштагы кыз каза тапкан. Эки жеңил автоунаанын жүргүнчүлөрү менен «Мицубисинин» шоопуру, трактордун айдоочусу Шамалдуу-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткирилген.

Кыргызстанда автоунаа айдоо күбөлүгү 18 жашка толо элек жарандарга берилбейт.

Мамлекеттик автоинспекциянын маалыматы боюнча, 3-декабрдан 6-декабрга чейин өлкөдө 36 автокырсык катталган, андан 8 киши каза таап, 45 адам жаракат алган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG