Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдушарип Бекиловдун «Азаттыкка» билдиришинче, Кыргызстан боюнча учурда Жалал-Абад - Казарман жолу гана жабык. Бул жол биринчи кар жаагандан тартып, жазга чейин жабык болот. Ал эми Кара-Кулжа - Алайкуу, Чаткал - Каныш-Кыя жана Бишкек-Ош жолдору ачык. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган негизги магистралда министрликтин кызматкерлери күнү-түнү иштеп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды тайгак жолдордо сак болууга чакырат.
4-декабрь күнү Кара-Кулжа - Алайкуу жолуна кар көчкү түшүп, 50 чукул киши кар туткунунда калган. Кар көчкү ошол эле күнү тазаланган.(ZKo)
4-декабрь күнү Кара-Кулжа - Алайкуу жолуна кар көчкү түшүп, 50 чукул киши кар туткунунда калган. Кар көчкү ошол эле күнү тазаланган.(ZKo)