Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

Президент Роза Отунбаева ЖККУнун жыйынына катышат


9-декабрда Москвада болуучу ЖККУнун жыйынына мамлекет башчыны коштоп тышкы иштер, коргоо министрлери, Коопсуздук кеңешинин катчысы барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
ЖККУнун кезектеги жыйынында жамааттык коопсуздук системасынын, аскердик-экономикалык кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси талкууга алынат. Мындан тышкары ЖККУнун аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыгы, маалымат коопсуздугу жана башка багыттар боюнча жүргүзгөн ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча документтердин долбоору талкууланат. Уюмдун сайтындагы маалымат боюнча бул документтердин арасында ЖККУнун ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчүнүн макамын аныктоочу жана аны түрдүү операцияларга колдонуу шарттары тууралуу долбоор бар. Жыйында президенттердин кароосуна жалпысы болуп документтердин үч багыттагы топтому коюлат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG