Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:39

Энергетика тармагында биргелешип иштөө тууралуу келишимге кол коюлду


Кыргызстан Казакстан жана Өзбекстан менен энергосистема тармагында биргелешип иштөө тууралуу келишимге кол койду. Аталган келишим 2011-жылы Кыргызстанды электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселесин чечет. Бул тууралуу “Азаттыкка” энергетика министри Осмонбек Артыкбаев билдирди. Министрдин айтымында, Кыргызстан өзү өндүргөн электр жарыгын өлкөнүн аймактарына коңшу мамлекеттер аркылуу өткөргөндүктөн жыл сайын ушундай макулдашууларга барып турууга аргасыз. “Буйруса, 2011-жылга маселе чечилди. Кыргызстандын бардык аймактарын 2011-жылдын соңуна дейре электр тогу менен үзгүлтүксүз камсыздоого мүмкүндүк түзүлдү”, - деди О. Артыкбаев.

Ал арада Кыргызстанда электр кубатын керектөө кескин жогорулады. Үстүбүздөгү жылдын 7-декабрына карата электр энергиясынын суткалык керектелиши 49,3 млн. кВт саатты түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу он млн. кВт саатка, ал эми 2008-жылга салыштырмалуу он жети млн. кВт саатка жогорулады. Керектөөнүн жогорулашы электр кубатын колдонууга чектөөлөрдүн алынып салынышы жана электр менен жылытууга уруксат берилгендиги менен түшүндүрүлөт. (ES)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG