Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:21

Европа парламентинде Кыргызстандагы абал талкууланды


Бүгүн Брюсселде жайгашкан Европа парламентинде Борбор Азиядагы демократия жана либерализмдин абалы тууралуу эл аралык конференция өттү. Ага Кыргызстандан Экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиев катышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган министрликтин маалымат кызматы билдирет. Конференцияда Эмил Үмөталиев Кыргызстандагы соңку өзгөрүүлөр, кырдаал жана демократиялык процесстер тууралуу сөз сүйлөдү. 24-июнда өткөн жалпы элдик референдумдан кийин парламенттик башкарууга өткөн Кыргызстан, бул өлкөдөгү өзгөрүштөр тууралуу Европарламенттин өкүлдөрү кыйла талкуу жүргүзүштү.

Аталган жыйынды “Эл аралык либерал” федерациясы менен Европанын демократтар жана либералдар альянсы уюштурду. Жыйында Борбор Азиядагы демократиянын абалы, авторитардык режимдердеги либерализмдин келечеги, бул чөлкөмгө эл аралык коомчулуктун көңүлүн бөлүү маселелери каралды. (IJz, ES)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG