Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Иран менен "алтылык" сүйлөшүүлөрүн эмдиги айда улантат


Талкуулардын кезектеги айлампасы январдын этегинде Стамбулда болот. Муну тараптардын Женевада эки күндүк сүйлөшүүлөрү аяктаган соң Евробиримдиктин тышкы саясий мекеме башчысы Кэтрин Эштон бышыктады. Эштон "алтылыктын" делегациясын жетектеди. Бул топко кирген мамлекеттер Ирандын атом программасына байланыштуу эл аралык коомчулуктун камтамачылыгын жараткан маселелерди чечкенге толук чечкиндүү экенин ырастап, Эштон Ирандын укуктарын "алтылык" урматтай турганын, ошол эле учурда Тегеран да өзүнүн милдеттенмелерин так аткарууга тийиш экенин эске салды.

XS
SM
MD
LG