Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

"Бирдиктүү терезе" - таза сооданын жолу


Кыргыз-казак чек арасындагы бажыканадан күнүгө жүздөгөн тонна товар өтөт
Кыргыз-казак чек арасындагы бажыканадан күнүгө жүздөгөн тонна товар өтөт

Кыргызстан келерки жылы Борбордук Азияда биринчи болуп, тышкы соодага бирдиктүү терезе системасын киргизүү алдында турат. Бул долбоорду ишке ашыруу аркылуу Кыргызстан бажы тармагындагы коррупцияны ооздуктаганга мүмкүнчүлүк алмакчы.

Тышкы сооданы жүргүзүүдө бирдиктүү терезе принцибин киргизүү мамлекет үчүн да, ишкерлер үчүн да чоң пайда алып келүүгө тийиш. Ишкерлер бажы тармагындагы машакат тоскоолдуктардан арылат, ал эми мамлекет бажы тармагын чырмаган коррупциянын деңгээлин азайтууга мүмкүнчүлүк алат.

Бажы реформасын жүргүзүү жана сооданы либералдаштыруу боюнча ЮСАИДдин аймактык долбоорунун жетекчисинин орун басары Тапио Науланын айтымында эл аралык тажрыйба жана изилдөөлөр бирдиктүү терезе системасын ишке киргизүү аркылуу жылына эки пайызга чейин каражат үнөмдөгөнгө мүмкүнчүлүк түзөрүн көрсөттү.

- Эгер Кыргызстанда мисалга Улуттук дүң кирешенин бир пайызын алсак, бул 45 миллион долларды түзөт. Бирдиктүү терезени ишке киргизүү аркылуу кыргыз экспортерлору каражат да, убакыт да үнөмдөй алышат, -дейт Тапио Наула.

Бажы коррупция илдети өтө чырмаган тармак экени жашырын эмес. Кыргызстандагы ишкерлер жең ичинен соодалашмайынча бажыканадан товар алып өтүү өтө машакат иш экендигин жакшы билишет. Натыйжада мамлекеттик казына да кабелтең каражаттан кол жууп, ишкерлер да ашыкча чыгымга жана кыйынчылыктарга кабылып келатат.

Бирдиктүү терезени киргизүү боюнча эксперт Дамира Осмонованын айтымында, аталган принцип мамлекетке жана ишке чөйрөгө убакытта да, каражатты да үнөмдөгөнгө жардам берет. Баарынан маанилүүсү бажыканалардагы көмүскө операцияларды азайтуунун эсебинен мамлекеттик казынага түшүп жаткан киреше көбөйөт.

Бирдиктүү терезе принциби документтерди электрондук жол менен жүргүзүүгө негизделген. Башкача айтканда ишканалар же ишкерлер кеңсесинен сыртка чыкпай туруп эле керектүү документтерди колго алыша алат.

Бирдиктүү терезе принцибин киргизүү боюнча даярдоо иштеринин алкагында өлкөдөгү алты мамлекеттик органдын иштерин уюштурууну өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Натыйжада алар келерки жылдан баштап электрондук документтерди бергенге даяр болушмакчы.

Экспорт менен иштеген ишкерлер, инвесторлор мамлекеттик текшерүүчү жана көзөмөлдөөчү органдардын эшиктерин тырмалабай, Интернетте электрондук система аркылуу бардык документтерди тез убакытта бүтүрүп алганга жетишет.

Тышкы сооданы бирдиктүү терезе принциби менен уюштурууну регионалдык деңгээлде ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп келатат. Эгерде бул регионалдык деңгээлде колго алынса, Дүйнөлүк соода уюму тарабынан сунуш кылынган коопсуз соода стандарттарын киргизүүгө өбөлгө түзүлөт.

Эксперттердин айтымында, бирдиктүү терезе системасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Грузияда жакшы натыйжаларды берген. 2004-2006-жылдары Грузия бажыкана тармагында реформа жүргүзүп, мурда экспорт жана импорт жасоого 54 күн убакыт коротуп келген болсо, азыр бул көрсөткүчтү 13-14 күнгө түшүргөн.

XS
SM
MD
LG