Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:00

АКШ Израилди конуштардын курулушун токтотууга көндүрө алган жок


Басылып алынган Батыш Жээкте жөөт конуштарынын курулушун кайра токтотуу тууралуу сүйлөшүүгө АКШнын президенти Барак Обама арачылык кылган эле. Түз сүйлөшүү сентябрда башталып, бирок палестиндер өз мамлекетин курууну максат кылып басылып алынган жерлерде конуштардын курулушуна байланышкан маселеден улам үзгүлтүккө учурады. Мамдепартаменттин басма сөз катчысы Филип Краули Кошмо Штаттары кыйыр сүйлөшүүгө кайтып келүүнү караштырып жаткандыгын билдирди. Бул кабардан улам палестин бийлигинин атын атабаган өкүлү «Израил тынчтыкты четке какты» деген пикирин АФП агенттигине билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG