Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:58

Москвада эртең ЖККУнун коргоо министрлер кеңешинин жыйыны болот


Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбердиев башында турган аскердик делегация жыйынга катышуу үчүн Орусияга жөнөп кетти. Жыйында 30 чукул маселе каралышы күтүлүп жатат. ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжанын баяны угулат. Министрлер жана коопсуздук кеңешинин катчылары ЖККУнун “жамааттык коопсуздук системасын өнүктүрүү жана жакшыртуу боюнча стратегиялык документтерди даярдоо чаралары жөнүндөгү” чечиминин долбоорун талкуулашат. Мындан тышкары кризистик жана өзгөчө кырдаалдарда сунуш кылынган аракеттенүү системасы, аскердик-экономикалык маселелер, аскердик-техникалык кызматташуу боюнча документтердин долбоорлору жана маалыматтык коопсуздук маселелери каралат. Бул туурасында Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG