Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Мугалимдердин укугун коргоочу бирикме түзүлдү


Кыргызстанда мугалимдердин жана балдардын укугун коргоочу көз карандысыз бирикме түзүлдү. Жаңы түзүлгөн бирикменин төрагасы Төлөгөн Молдобаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бирикме 3-декабрда Ысык-Көл облусунун юстиция башкармалыгынан каттоодон өттү.
Ал мугалимдердин эмгегин татыктууу баалоо менен Кыргызстандын келечеги болгон балдарды тарбиялоо максатын көздөйт.

Бирикме эл аралык донорлорду тартуу аркылуу мугалимдерге жана аз камсыз, майып балдарга жардам берүүнү көздөп жатат.

Бул идеяны Ысык-Көл району боюнча 900 мугалим колдоп беришкен.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы мугалимдердин орточо айлык акысы 1,5 - 2 миң сомду түзөт. Айлык акыны көтөрүп берүү талабы менен Базар-Коргон районунун мугалимдери 1-декабрдан тарта нааразычылык акциясын өткөрүп келүүдө. Базар-Коргон районундагы мугалимдерге Жети-Өгүз районунун мугалимдери да кошулуп, 13-декабрда иш таштоого чыгышарын эскертишкен. (AzK)

XS
SM
MD
LG