Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Ассанж өзүн акмын деп эсептейт


WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү интернет басылмада АКШнын дипломаттык жашыруун кат-кабарларын жарыялоосун туура деп санайт. Жулиан Ассанж “Демократия күчтүү маалымат каражаттарынан өкмөттүн өз иштерин ачык-айкын жүргүзүүсүн көзөмөлдөп турганды талап кылат, WikiLeaks ушу вазийпаны аткарууда,” -деп жазат Австралиянын гезитине бүгүн чыккан макаласында жана ал сайтта адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурчу жашыруун материалдарды баспаганын айтат.

Ассанж кечээ Лондондо камакка алынган жана сот аны күрөө пулга бошотууга көнбөй койгон. Швеция Ассанжды сексуалдык кылмыш жасады деп күнөөлөп, ага Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыялаган. “Викиликстин” өкүлү Ассанжды камакка алууну сөз эркиндигине чабуул деп баалап, материалдарды жарыялоо токтотулбасын эскертти.

XS
SM
MD
LG