Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Алай тоо кыркаларында жер титиреди


Сейсмология институтунан “Азаттыкка” билдиришкендей, бүгүн күндүзгү саат 14:21де Алай тоолорунда күчү 6-7 баллга жеткен жер титирөө болду. Жер титирөөнүн очогу Ош шаарынан тескей жакка 125 чакырым аралыкта, Сары-Таш айылынан 25 чакырым алыстыкта жайгашкан. Алайдагы Сары-Таш, Дароот-Коргон, Кара-Мык айылдарында 6 баллдык жер силкинүүсү сезилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, айрым үйлөрдүн дубалдарынан жарака кетип, морлору урап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдушарип Бекилов "Азатыкка" жер титирөөдөн эч кандай жабыркоолор болбогонун билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG