Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Жон Леннондун акыркы маеги 30 жылдан соң толук жарыяланды


30 жыл мурда 1980-жылы 8-декабрда легендарлуу “Битлз” тобунун музыканты Жон Леннонду делбе күйөрманы атып өлтүргөн. Кырктын кырындагы Жон Леннон өлөрүнөн үч күн мурда берген маегин бүгүн Ассошэйтед Пресс маалымат агенттиги басты. Атактуу музыкант “Rolling Stone” журналына берген акыркы маегинде сынчыларды “өлгөн каармандар” гана кызыктырганын, жүрөгүндө бапестеген ой-тилегин аткарууга “толтура убактысы” бар экенин айткан. “Rolling Stone” Жон Леннон менен интервьюнун үзүндүлөрүн гана жарыялаган.

XS
SM
MD
LG