Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

Р. Гэйтс: талиптерди жеңгенге али узак бар


Америкалык аскерлер Ооганстандын түштүгүндө талиптерди ээлеген өңүттөрүнөн оор салгылашууда сүрүп чыкканын АКШнын коргоо министри билдирди. Роберт Гэйтс бүгүн Гелман провинциясындагы аскерий базада сүйлөп, козголоңчуларды жеңгенге али узак экенин айта кетти. Азыр Ооган жеринде АКШнын 100 миңге жакын колу бар.

Бүгүн Ооганстандын түштүгүндө НАТОнун эки жоокери окко учту. Муну менен НАТО башындагы коалициялык күчтөр быйыл Ооганстанда жоготкон аскерлердин саны 682ге жетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG