Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:43

Чилиде түрмөдөгү өрттөн 83 киши каза тапты


Баш калаа Сантягодогу өрттөн дагы башка көп сандаган киши жарадар экендиги кабарланууда. Маалыматтарга ылайык, өрт жууркан-төшөктү күйгүзүп жиберген эки атаандаш уюшманын ортосундагы мушташтан улам чыкты. 700 айыпкерге эсептелинген түрмөдө эки миңге чукул киши кармалат. Кабарларда айтылгандай, өрт өчүрүүчүлөр өрт башталгандан эки сааттан кийин гана ишке киришкен. Айыпкерлердин туугандары мамлекеттик сыналгыга полиция түрмөнүн дарбазасын жаап койгондуктан, өрт өчүрүүчүлөрдүн жолу тосулуп калгандыгын билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG