Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:06

Гейтс: АКШ Ооганстанда талиптерди жеңип жатат


Роберт Гейтс америкалык аскерлер Түштүк Ооганстандагы оор салгылаштардын биринде талиптерди чегинүүгө мажбур кылды деп ырастады. Хелманд дубанындагы америкалык базада сүйлөгөн Гейтс өзү өткөн жылдын жайында бул аймакка келгенден бери көп жылыштар болгондугун мындайча баяндады:

- Акыркы бир нече айда гана болсо да, бул жылыш мен күткөндөн чоң болду. Талиптер бүгүн мен мындан бир жыл мурда ушул жерде сүйлөгөн мезгилдегиден алда-канча аз аймакты көзөмөлдөйт. Натыжада оогандар террорсуз жашап, өз турмушун оңдогонго мүмкүндүк алышууда.

Бирок Гейтс тогуз жылдан берки талип козголоңу али жеңиле элек экендигин эскертти. Вашингтондун администрациясы жакында президент Барак Обаманын буйругу менен 2009-жылдын ноябрынан тартып Ооганстандагы америкалык аскерлердин саны 30 миңге көбөйтүшүнүн жыйынтыгын чыгармакчы.

XS
SM
MD
LG