Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

WikiLeaks колдоочулары MasterCard сайтына чабуул коюшту


Хакерлер бүгүн Викилиикстин интернет сайтына кошумча кошкондордон акча которуудан баш тарткан насыя карта фирмасы МастерКарддын сайтына кол салышты. МастерКард «кыймылдын көптүгүнөн улам» кыйынчылык болуп жаткандыгын билдирди, бирок маалымат катчысы Жеймс Иссоксон буга Викилиикстин тийешеси бар деп кесе айта албай тургандыгын моюнга алды.

Вашингтондун катуу кысымы менен буга чейин Виза, Амазон, ПейПал өңдөнгөн АКШда жайгашкан компаниялар ВикиЛиикс менен байланышын токтоткон эле. Викилиикстин негиздөөчүсү Жулиан Ассанждын банк эсебин жаап салган швецариялык почта банкы да интернет сайтында кызмат көрсөтүү кыйындап кеткенин бышыктады. Хакерлердин чабуулунда адатта интернеттеги компютерлер бир сайтка ар кандай өтүнүчтөр менен үстү-үстүнө кайрыла баштаганда, сайт өз ишин кадимкисиндей аткара албай калат. Өз сайтында америкалык дипломатиянын жашыруун кат-кабарларын жарыялаган Ассанж азыр сексуалдык зөөкүрлүк айыптоосу менен Лондондо камакта отурат.

XS
SM
MD
LG