Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Түштүктө дагы жер титирөө катталды


8-декабрь күнү кечке жуук саат 17:53тө Чоң-Алай, Айдаркен аймактарында дагы жер титирөө болду. Силкинүүнүн очогу Алай тоо кыркаларында 4 баллды түздү, ал эми Кара-Мык айлында 3 балл, Дароот-Коргондо 3-4 баллга жетти. Баткен облусунун Айдаркен шаарчасында жер титирөөнүн күчү 3 баллга жетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдушарип Бекиловдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, алдын ала маалыматтар боюнча жер титирөөдөн кыйроолор жана жапа чеккендер жок.

Кечээ күндүзгү саат 14:21де ушул эле Алай тоо кыркаларында күчү 6 - 6,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул силкинүүдөн жапа чеккендер жоктугун маалымдоодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG