Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:32

Базар-Коргондо мугалимдер нааразылык акциясын улантышат


Айлык акыны 10 миң сомго чейин көтөрүү, мугалимдерге социалдык камкордуктарды уюштуруу талабы менен өтүп жаткан акция бүгүн да уланат. Митингдин катышуучуларынын бири Калил Карабаевдин «Азаттыкка» билдиришинче, айылдык мугалимдердин бүгүнкү абалы өтө оор.

Базаркоргондук мугалимдер нааразылык акциясын 1-декабрда баштаган. Алар менен райондун акими, билим берүү министрлигинен өкүл барып жолугуп, жаңы өкмөт куралмайын алардын талабын чечүү оордугун айтышкан. 7-8-декабрь күндөрү Жалал-Абат шаарында облустук акимчиликтин алдына айлык акыны көтөрүү жана социалдык жеңилдиктерди талап кылып, Сузак районунун жана Жалал-Абат шаарынын бир нече мектептеринин мугалимдери митинг уюштурган. Алар менен губернатор Бектур Асанов сүйлөшүп, мугалимдер коюп жаткан маселе –талуу маселе экенине кошуларын, бирок алардын талабын техникалык өкмөт чечип бере албасын билдирген.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG