Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Бүгүн Москвада ЖККУнун кезектеги отуруму өтөт


Ага Кыргызстандан президент баштаган расмий делегация катышат. Жыйында жамааттык коопсуздук системасынын, аскердик-экономикалык кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси талкууга алынат. Мындан тышкары ЖККУнун аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыгы, маалымат коопсуздугу жана башка багыттар боюнча жүргүзгөн ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча документтердин долбоору талкууланат. Бул документтердин арасында ЖККУнун ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчүнүн макамын аныктоочу жана аны түрдүү операцияларга колдонуу шарттары тууралуу долбоор бар. Аталган долбоор Кыргызстандагы июнь окуяларынан кийин уюмдун Ереванда өткөн бейформал жыйынында кабыл алынган. Жалпысынан президенттердин кароосуна документтердин үч багыттагы топтому коюлат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG