Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Өзгөндө мугалимдер нааразылык акциясына чыкты


Өзгөн районундагы Төлөнбай Машрапов атындагы орто мектептин профсоюз жетекчиси Тургумбек Сарыбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн Өзгөн райондук акимчилигинин алдына 21 мектептин 500гө чукул мугалими чогулду. Алар айлык акыны көтөрүү, электр кубатын төлөөдө мугалимдерге жеңилдик берүү өңдүү 10 талап менен чыгышты.

Райондук элге билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Борончу Кокоев “Азаттыкка” акцияга чыккан 200-300гө чукул мугалимдер менен райондук элге билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Ибадат Мурзаибраимова жолуккандыгын жана алардын талаптарын өкмөткө жеткирүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

Ушул тапта мугалимдер тарай баштады. Алар эртең 20 пункттан турган кайрылуу жазып, билим берүү министрлигинин бир өкүлү жана райондун акими менен көзмө-көз жолугууну көздөп жатат.(AzK)

XS
SM
MD
LG