Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

Ош шаарында беш мечиттин имамы кызматынан алынды


“Азаттыктын” аймактык кабарчысынын билдиришинче, мечиттеги дин кызматкерлери жөнүндө маалымат топтоо жана текшерүү боюнча түзүлгөн атайы комиссия Ош шаарындагы 53 мечитти текшерген. Алардын арасынан беш мечиттин имамдары июнь айындагы коогалаң учурунда мечитти кароосуз таштап кеткен жана салттык ислам дининен четтеп кеткен деген шек менен кызматтан четтетилди.

Дин, укук коргоо кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн турган атайы комиссия Ошто куралдуу топторду колго түшүрүү боюнча УКМК жүргүзгөн атайы операциядан кийин түзүлгөн. Операция учурунда куралчан топтун 3 мүчөсү жок кылынып, дагы бирөө өзүн жардырып жиберген. Аткылашуу болгон үй жергиликтүү мечиттин имамы Фархат Нурматовго таандык экени аныкталган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG