Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

Президент Роза Отунбаева Москвада дипломаттар менен жолукту


Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева өлкөдө катталган дипломатиялык миссиялардын башчылары менен жолукту. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде болгон жолугушууда президент Роза Отунбаева өлкөдөгү ички cаясий абал, парламенттик шайлоодон кийин өкмөт куроо процесстери, конституциялык реформалар, реалдуу демократиялык институттарды калыбына келтирүү боюнча бийликтин аракеттери, өлкө түштүгүндөгү июнь окуяларын иликтөө комиссиясынын аракеттери, калыбына келтирүү иштери жөнүндө маалымат берди.

Жолугушууда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен парламенттик башкарууну тандаган алгачкы мамлекет экендиги белгиленди.

Ушул эле күнү Роза Отунбаева КМШ өлкөлөрү менен байланыш боюнча Орусиянын президентинин атайын өкүлү Фарит Мухаметшин менен жолугушту. Евразиялык экономикалык жамааттын мамлекеттер аралык кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйыны мамлекет башчыларынын катышуусунда күндүн экинчи жарымында Кремлде өтөт. Ал эми жыйындын кеңейтилген форматына президенттен тышкары биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев, тышкы иштер министри Руслан Казакпаев жана Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Улукбек Чиналиев катышат.

Жыйындын аягында биргелешкен жыйынтык документтерге кол коюлушу күтүлүүдө. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG