Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Москвада бүгүн Бажы союзунун жана ЕврАзЭстин саммити башталууда


Бүгүн алгач Бажы союзуна мүчө Орусия, Беларус жана Казакстандын президенттери көрүшкөндөн кийин, аларга Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын лидерлери кошулуп, Евразия экономикалык кызматташтык уюмунун алкагында сүйлөшөөрү айтылган. Бүгүнкү жана эртеңки сүйлөшүүлөрдө жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында ыкчам аракеттенүүчү коллективдүү күчтөрдүн макамын аныктап, аны түрдүү операцияларга колдонуунун шарттары да талкууланат. Аталган долбоор Кыргызстандагы июнь окуяларынан кийин Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Ереванда өткөн бейформал жыйынында кабыл алынган эле. Бүгүн эрте мененки жыйында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстандын түштүгүндөгү коогалаң Жамааттык коопсуздук келишими уюму үчүн "чоң сыноо болгонун” айтты.
Саммитке кыргыз президенти Роза Отунбаева баштаган делегация да катышууда.

XS
SM
MD
LG