Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

Бириккен Улуттар уюму WikiLeaks сайтына кысымды айыптады


БУУнун адам укуктары боюнча баш өкүлү Нави Пиллей жеке компанияларды АКШнын дипломатиялык жашыруун каттарын жарыялаган сайтка финансылык жана интернет кызматын көрсөтүүдөн баш тартууга мажбурлоо аракеттерин сынга алды. Ал мындай аракеттер маалыматты цензуралоого тете экендигин белгилеп, муну WikiLeaks сайтынын өз пикирин билдирүү укугун бузуу деп баалоого болоорун билдирди. Насыя карталарынын дөө-шаалары болгон "МастерКард", "Виза" компаниялары WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанждын сайтына акча төлөмдөрүн которууну токтотушту, швецариялык почта банкы анын эсебин жаап салган. WikiLeaks сайты блокировкалардан кийин бир нече жолу интернет дарегин алмаштырууга мажбур болду. Анын аралыгында WikiLeaks сайтынын колдоочулары интернет эркиндигин коргоо үчүн "маалымат согушун" уланта берерин эскертишти. Белгисиз бир топ WikiLeaks менен иш жүргүзүүдөн баш тарткан жогоруда аталган жана башка компаниялардын интернет сайттарына каршы кибер-чабуулдарды жасоодо.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG