Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Орусия Санкт-Петербургда пландалган мунаранын ордун которот


Орусия Санкт-Петербургдун борборунда айнектен жана металлдан асман тиреген имарат куруу планынан баш тартты. Шаардын акими Валентина Метвиенко билдиргендей, шаар өкмөтү менен "Газпром" компаниясы мунараны башка жерге куруу тууралуу чечим кабыл алды. "Газпром" бул кабарга дароо пикир билдирүүдөн баш тартты. Бириккен Улуттар уюмунун маданий уюму болгон ЮНЕСКО мындай курулуш шаардын тарыхый каналдарынын жана барокко үлгүсүндөгү санжыргалуу имараттарынын көркүн бузаарын белгилеп, ал курулса "Түндүктүн Венециясы" атыккан Санкт-Петербургду "мурас жайлардын тизмесинен алып салаарын" эскерткен.

XS
SM
MD
LG