Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:23

Ч. Айтматов атындагы адабий борбор түзүлөт


Залкар жазуучунун туулган күнүнө карата Улуттук китепканада анын ысымын алып жүрүүчү адабий борбор түзүлөт. Борбордун бүгүнкү салтанаттуу ачылышына мамлекеттик, коомдук жана маданий ишмерлер, кеменгер жазуучунун китептерин сүйүп окуган окурмандар катышат.

Кыргыз адабиятына өчпөс из калтырган жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Ал совет доорунда эле “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу мыкты роман-повесттери менен дүйнөгө таланттуу жазуучу катары таанылган. Социалисттик Эмгектин Баатыры жогорку наамына арзыган, СССРдин Ленин жана мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты болгон. Ошондой эле ондогон башка эл аралык сыйлыктарды алган, Рим клубу, Европа илимдер академиясы сыяктуу эл аралык абройлуу уюмдарга мүчө болгон.

Чыңгыз Айтматов мамлекеттик иштерге да жигердүү катышып, СССРдин Президенти М. Горбачевдун тушунда Президенттик Кеңештин мүчөсү, андан кийин СССРдин Люксембургдагы элчиси болуп кызмат өтөгөн. СССР таркагандан кийин Чыңгыз Айтматов Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү жана НАТОдогу элчиси кызматын аркалап келди. Улуу жазуучу 80 жашка караган курагында 2008-жылы оорудан каза болгон. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG