Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:08

Ошто экстремисттик уюмдардын 800 мүчөсү каттоодо турат


Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалык башчысынын 1-орун басары Малик Нурдинов террорчулукка каршы күрөшүүгө арналган жыйында билдирди. Анын айтымында, тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын милицияда каттоодо турган мүчөлөрү күч кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат. "Алар тараптан кандай мыйзамсыз аракеттер болбосун, милиция ага карата чара колдонууга даяр" дейт Малик Нурдинов.

9-декабрь күнү Ошто террорчулукка каршы күрөшүүгө арналган атайын жыйын болуп, ага облустук казыяттын, ички иштер жана коопсуздук кызматынын кызматкерлери катышты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG