Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

10-декабрь адам укугу күнү Кыргызстанда да белгиленет


Буга байланыштуу бүгүн Бишкектеги тарых музейинде Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышына арналган жыйын болот. Анда өлкөдөгү адам укугу, сөз эркиндигинин абалы талкууга алынмакчы. Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы маалымдагандай, акыйкатчынын алдында түзүлгөн коомдук кеңештин отчету угулат.

1948-жылы 10-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы адам укугу боюнча жалпы декларацияны кабыл алган. Кыргызстан адам укуктары мамлекеттик саясаттын деңгээлине чыгарылган өлкөлөрдүн катарына кирет, өлкөдө Акыйкатчы институту 2002-жылдан бери иштеп келе жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG