Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:49

Нааразы мугалимдер менен министр жолукту


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун иш таштаган мугалимдери менен билим берүү жана илим министри Канат Садыков жолугушууда. Министр ушул тапта мугалимдердин суроолоруна жооп берип жатат. Нааразылык акциясына чыккан мугалимдердин бири Гүлайым Топчубаеванын айтымында, алар министрге 17 талап коюуну пландоодо. Мугалимдер айлык акыны 10 миң сомдон кем эмеске көтөрүү, турак-жай үчүн жер бөлүү, ипотекалык насыя бөлүү, мугалимдердин пенсиясын көтөрүү, электр жарыгына төлөмдөрдү 50% түшүрүүнү талап кылып жатышат.
Мындан сырткары Өзгөн шаарында да 500 чамалаш мугалим нааразылык акциясына чыкты. Мугалимдердин бири Тургунбек Сарыбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, алар министрдин келишин талап кылышууда. Кыргызстана мугалимдердин нааразылык акциялары 1-декабрдан бери уланууда. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG