Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:45

“Жер үй” ишканасынын маселесин кайрадан кароо талап кылынууда


Алтын кенин иштетүүчү “Жер үй” ишканасынын кызматкерлери компаниянын лицензиясын жокко чыгаруу маселесин жаңы дайындалчу өкмөт менен Жогорку Кеңештин кароосун талап кылушууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген ишкананын маалымат катчысы Улан Ташматов, маселе шашылыш кабыл алынгандыгын билдирди. Таластан келген 100гө жакын ишкана кызматкерлери бүгүн да Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыгып, депутаттарга жолуккан соң тарап кетишти. У.Ташматовдун айтымында, алар убактылуу төрагалык милдетти аткарып жаткан Ташболот Балатбаев, КСДП фракциясынан депутат Дамира Ниязалиева, “Ата Журт” фракциясынын жетекчиси Акматбек Келдибеков менен жолугушту. Депутаттар “Жер үй” кызматкерлеринин катын өкмөткө тапшырууну убада кылышты.

Президенттин маалымат кызматынан мурдарак билдиргендей, ишкананын лицензиясын жокко чыгаруу токтомун кабыл алууга (2008-жылдын октябрь айындагы №3) лицензиялык келишимдин шарттары “Жер үй” ишканасы тарабынан аткарылбаганы негиз болгон. Мындай демилгени Жаратылыш ресурстары министрлиги көтөрүп чыккан болчу. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG