Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:52

Аскер соту апрель окуясында жабыркагандардын арызын кароодо


Бүгүн Аскер соту апрель окуясында жабыркагандар жана алардын адвокаттарынын арызын, ошондой эле Башкы прокуратуранын апрель окуясы боюнча сот ишин бөлүп кароону жокко чыгаруу токтомун карап жатат. Жогорку Соттун маалымат кызматы билдиргендей, ушул эки маселе чечилмейинче сот күнүн аныктоого мыйзам жол бербейт. Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, учурда сот залын аныктоо иштери жүрүүдө. Сот иши качан жана кайсы жерде уланаары алдын ала маалымдалат. Буга чейин сот иши Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтүп жаткан. 30-ноябрда Спорт ордосунун жанындагы жардыруудан кийин сотту коопсуз жайга которуу чечими кабыл алынган.

29-ноябрда уланган апрель окуясы боюнча соттук териштирүүдө судья Жакыпбек Бектемиров эл аралык издөөдө жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиев башында турган алты аткаминердин иши өзүнчө бөлүнүп, кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн маалымдаган. Жабырлануучу тарап жана алардын жактоочулары буга нааразы болуп, сотко ишенбестик көрсөтүшкөн. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG