Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Ооганстанда мина тазалагычтар бошотулду


Мина тазалагычтардын тобу кечээ өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Хост провинциясында согушкерлер тарабынан уурдалып кеткен эле. Уурдалып кеткен мина тазалагычтардын башчысы Шаували Айобинин “Азаттык” радиосуна айтканына караганда, 10 мина тазалагыч уруу башчылардын жардамы менен бошотулду. Дагы бирөө куралчандардын колунда кала берүүдө. Жергиликтүү полиция болсо алар ооганстандык жана чет элдик аскерлер өткөргөн операция учурунда аман-эсен эркиндикке чыгарылганын кабарлады. НАТОнун командачылыгы операцияга эл аралык күчтөрдүн катышкандыгы тууралуу маалыматты азырынча ырастай элек. Чек арадан алыс эмес аймакта жайгашкан Хост району талибдер активдүү аракеттенген аймак катары эсептелет, бирок Талибандын өкүлү мина тазалагычтардын уурдалуусунан кабары жок экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG