Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Түркия: коррупциянын тамырын кесүү оор, бирок мүмкүн


Өткөн жылы Түркияда ар үч адамдын бири пара берген. Бул тууралуу дүйнөдө коррупциянын деңгээлине көз салган Trancparency International уюмунун 9-декабрда жарыяланган докладында айтылат.

Дүйнөдө коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүнө карата Trancparency International уюму жарыялаган докладда Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер Түркияда коррупция 25 пайыз болгону айтылат.

Баш кеңсеси Берлин шаарында жайгашкан Trancparency International уюмунун директорлор кеңешинин төрагасы Сион Аддисон Түркияда коррупция барган сайын катардагы көрүнүшкө айланып баратканын эскертти.

9-декабрда Стамбул шаарындагы Билги университети менен бирге өткөрүлгөн жыйында Сион Аддисон “коррупцияга каршы күрөш адам укуктарын коргоо өнөктүгү менен үзөңгүлөш жүрүшү керек” деп айтты. Төраганын баамында, коррупция саламаттык сактоо, билим берүү тармактарына, ошондой эле шайлоонун эркин өтүшү өңдүү адамдын негизги укуктарына терс таасирин тийгизет.

Trancparency International уюму 86 өлкөдө сурамжылоо жүргүзүп, ага 91 миң киши тартылган. Түркияда сурамжылоого катышкан 1000 кишинин 57 пайызы “акыркы 3 жылдын ичинде коррупция күчөдү” десе, 60 пайызы өткөн жылы өзү же үй-бүлө мүчөлөрү пара бергенин ачыкташкан.

Жыйында Trancparency International уюмунун Түркиядагы бөлүмүнүн төрагасы Феррух Тунч сөз сүйлөп, “паракорчулук жөнүндө сөз болгондо эле мамлекеттик мекемелерди ойлогонубуз адатка айланып баратат. Бул туура эмес. Анткени жеке тармактарда да коррупция күч алууда”,-деп билдирди.

Trancparency International уюмунун докладында Түркияда жана Балкан өлкөлөрүндө паракорчулуктун тизмесинин башында полиция жана ден соолук тармагы турат. Сурамжылоого катышкан түрктөр билим берүү тармагында иштегендерди, бизнес жана мамлекеттик кызматчыларды коррупция тизмесинде биринчилерден деп атаганы менен, саясий партиялар, армия, сот, милиция, массалык маалымат каражаттары да бул тизмеде жогорку орундарды ээлейт.

Өлкөдө коррупциянын улам күчөп баратканы менен, аны менен күрөшүү максатын күткөн бейөкмөт уюмдардын саны кийинки жылдары өсө баштаганы байкалат. Андай уюмдардын биринин активисти, коррупциянын башаты саясат майданы экенин бышыктаган баяндамасында мындай дейт:

“Коррупцияга жана алдамчылыкка белчесинен баткан саясатчылар менен бул өлкөнүн маселелерине чечим табыла албайт. Ошондуктан паракор саясатчыларга алданбайлы”.

Trancparency International уюмунун докладында айтылгандай, сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү акыркы 3 жылда коррупциянын күчөгөнүн байкашкан. Бирок изилдөөнүн натыйжасына ылайык, жалпысынан коомчулукта коррупцияга каршы күрөшүү өнөктүгүнө салым кошууну каалагандар да арбын.

“Ар бир адам коррупциянын кесепеттерин жакшы түшүнүп, бул көрүнүшкө каршы күрөшүүгө даяр болсо гана аны жоюуга мүмкүн болот. Муну коррупцияга каршы жеке адамдын күрөшүнөн көрө, уюмдашкан бир аракет катары кабыл алуу зарыл”,-деп билдирди Стамбулдагы жыйында Trancparency International уюмунун Түркиядагы бөлүмүнүн башчысы Феррух Тунч.

XS
SM
MD
LG