Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Өзгөндүк мугалимдер эртең жумушка чыгышат


Өзгөн районундагы Төлөнбай Машрапов атындагы орто мектептин профсоюз жетекчиси Тургумбек Сарыбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, 1-январга чейин койгон талаптары боюнча жооп күтөөрүн билдиришкен. “Бийлик өкүлдөрү бул убакытка чейин биз койгон талаптардын канчасын аткара алаары тууралуу телекөрсөтүү же кат аркылуу бизге билдириши керек. Эгер жооп болбосо, биз 12 күндүк кышкы каникулдан кийин акциябызды улантабыз”, - деди Тургумбек Сарыбаев.

9-ноябрда Өзгөн райондук акимчилигинин алдына 21 мектептин мугалимдери чогулуп, айлык акыны көтөрүү, электр кубатын төлөөдө мугалимдерге жеңилдик берүү өңдүү 10 талап менен чыгышкан. Райондук элге билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Борончу Кокоев “Азаттыкка” мугалимдердин талаптарын өкмөткө жеткирүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.(AzK)

XS
SM
MD
LG